Медресенин тарыхы, максаты жана жетекчилиги
20 жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстанда Ислам билимин таратып, коомго татыктуу муундарды тарбиялап келе жатабыз.

Медресенин тарыхы
Медресенин түптолүшүнө чоң салымын кошкон инсандардын бири Сулайман Өсөр уулу болгон. Ал 2003-жылы Ош облусунун Ноокат районун Кара-Таш айыл өкмөтүндө Молдо Таабалды атындагы медресени элге, динге кызмат кылсын деп, аябагандай кыйынчылыктар менен, элдин жардамы менен гана түптөшкөн. Ошол убакытта болгону 20 окуучу менен башталган иш, азыр 200 гө жакын окуучуну камтыган ири билим берүү борборуна айланды.
Жылдардын аралыгында биздин бүтүрүүчүлөр Кыргызстандын ар кайсы аймактарында, ошондой эле Түркия, Египет, Сауд Арабиясы сыяктуу өлкөлөрдө билимин уланткан.
Билим менен адеп
Куранды, сүннөттү жана Ахли Сүннө вал Жамааттын ишенимин туура үйрөтүү аркылуу, коомго пайдалуу, өз динин жана элин сүйгөн муундарды тарбиялоо.
Салттуу илим — жаңы муун
Классикалык Ислам илимдерин заманбап педагогика менен айкалыштыруу, окуучуларга терең диний билим менен катар жашоодо керектүү көндүмдөрдү берүү.
Жетекчилик
Окуу жайдын башкы жетекчиси
Куран илимдери боюнча адис
Шарият илими жана араб тили боюнча адис
Жатакананын тартиби жана окуучулардын турмуш-шарты боюнча жооптуу.
